Трамп менен Путиндин жолугушуусу май айында болушу мүмкүн

АКШнын президенти Дональд Трамп орус лидери Владимир Путин менен май айынын орто ченинде Сауд Арабиясына жасаган иш сапарынан кийин жолугушу мүмкүн. Бул тууралуу "РИА новости" басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, Трамптын Сауд Арабиясына, Бириккен Араб Эмираттарына жана Катарга сапары 13-16-май күндөрү өтөт.

"Бул мүмкүн, бирок, балким, жок. Менимче, биз алар менен бул сапардан кийин жолугушабыз", - деген Трамп журналисттердин Сауд Арабиясында Путин менен жолугушабы деген суроосуна жооп берип жатып.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков шаршемби күнү Орусия менен АКШ президенттеринин жолугушуусу мазмундуу болушу керек экенин, бул багытта даярдык иштери жүрүп жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан