Өзбекстан Гүлнара Каримованын бошотулушу тууралуу маалыматка комментарий берди

Өзбекстандын Жогорку Соту өлкөнүн экс-президентинин кызы Гүлнара Каримованын абактан бошотулушу боюнча социалдык тармактарда тараган маалыматка комментарий берди.

Жогорку Соттун басма сөз катчысы Азиз Абидовдун айтымында, Каримованын абактан бошотулушу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Ал камакта.

Гүлнара Каримова Ташкент облусундагы абак колониясынан бошотулду деген маалымат Uzbekistan Vision 2030 фондунун ишине арналган маалымат жыйынынын алдында айтылган. Фонд маркум мамлекет башчынын кызына козголгон кылмыш ишинин алкагында Швейцарияда конфискацияланган жана Өзбекстанга кайтарылган каражаттарды ачык-айкын жана натыйжалуу бөлүштүрүү үчүн түзүлгөн.

Өзбекстандын калкынын кызыкчылыгы үчүн конфискацияланган мүлктөрдү кайтаруу боюнча Өзбекстан менен Швейцариянын ортосундагы биринчи келишимге 2022-жылдын августунда кол коюлган. Келишимде Өзбекстанга 131 миллион доллар кайтарылып берилиши каралган.

2025-жылдын февралында Өзбекстан менен Швейцария Каримованын мүлкүн кайтаруу боюнча дагы бир келишимге кол коюшкан. Кошумча 182 миллион долларды Швейцария Өзбекстан элине Uzbekistan Vision 2030 фонду аркылуу кайтарып берет. Кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы 313 миллион долларды түзөт.

2017-жылы Гүлнара Каримова Өзбекстандагы компаниялардын биринин салыгын төлөөдөн качуу, уурдоо, талап кылуу жана документтерин жок кылуу боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Биринчи өкүмдөн кийин Каримова бир нече убакыт бою үй камагында отурган. Бирок 2019-жылдын март айында ал камакта кармоонун шарттарын "кара ниеттик менен бузган" деп айыпталып, Ташкент облусундагы түзөтүү абагына жөнөтүлгөн. Көп өтпөй ага экинчи кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан