Кремль Балтика өлкөлөрүнө эч кандай аймактык дооматы жок экенин жарыялады

Орусиянын Балтика өлкөлөрүнө эч кандай аймактык дооматы жок. Бул тууралуу орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

"Орусиянын Балтика өлкөлөрүнө эч кандай көйгөйү же аймактык дооматы жок. Бирок ал жакта жашаган орустардын кызыкчылыктары дайыма бузулуп турат", - деп баса белгилеген ал.

Песков Украинадагы жаңжал жөнгө салынгандан кийин Орусия Балтика өлкөлөрүнө согуш ачышы мүмкүн делген маалыматты дагы четке каккан.

"Киев 2014-жылдан бери Донбасстагы Орусиянын жарандарына ок атып жатат. Ал эми Балтика өлкөлөрүндө андай эмес", - деген Песков.

Ошондой эле ал Украинадагы кырдаал тууралуу сөз кылып жатып, Орусия ал жерде өз максаттарына сөзсүз түрдө – аскердик же тынчтык жолу менен жете турганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан