Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт (схема)

Эртең, 25-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, саат 10:00дөн 17:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

Ажыбек баатыр көчөсү, А.Бакаев көчөсү, Иса Ахунбаев көчөсү, Тыналиев көчөсү, Айни көчөсү, Чыңгыз Айтматов проспектиси, Шота Руставели көчөсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан