Кыргызстан дагы бир өлкө менен түз аба каттам ачышы мүмкүн

Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев Катардын транспорт министри шейх Мухаммад бин Абдулла Аль Тани менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, анда тараптар кыргыз-катар кызматташтыгынын күн тартибиндеги негизги маселелерге токтолуп, жакынкы аралыкта өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Мындан тышкары тараптар эки өлкөнүн транспорт министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты орнотууга багытталган укуктук-базалык макулдашуулардын долбоорлору боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун соңунда тараптар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруу үчүн тыгыз байланышта болууну макулдашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан