"Базар-Коргон суу канал" муниципалдык ишканасынын жетекчилиги абоненттердин акчасын ыйгарып алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
"Аталган иш-кананын директору А.К.Э., башкы инженер С.Ш.З. жана техникалык адис Ж.А.Ж. шаардын авариялык делген суу түтүктөрүн оңдоо жана алмаштыруу керек деген шылтоо менен инспекторлордон мыйзамсыз акча чогултуп, чогулган каражаттарды өз ара ыйгарып жүрүшкөн. Андан соң жасаган кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында акча каражаттарын жалган, фиктивдүү ыкмаларды колдонуу жолу менен эсептен чыгарып турушкан", - деп билдиришти УКМКдан.
21-апрель күнү ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында аталган адамдар кармалып, УКМКнын тергөө абагынын УКЖсына киргизилген.
"Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо үчүн "Базар-Коргон суу канал" муниципалдык ишканасынын каржы-чарбалык ишмердүүлүгүнө аудитордук текшерүү иштери дайындалды", - деп кошумчалашты атайын кызматтан.