Словакиянын тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланар расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу ТИМ бүгүн, 24-апрелде кабарлады.
Анда айтылгандай, Бланар тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен бүгүн, 24-апрелде Бишкекке келет.
Расмий сапардын алкагында эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар пландалууда. Бул жолугушууларда кыргыз-словак кызматташтыгы боюнча кеңири спектрдеги эки тараптуу маселелер талкууланат.