Трамп: "Зеленский бүтүндөй өлкөнү жогото электе тынчтык орнотушу керек"

АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы абал оор экенин жана Украинанын лидери Владимир Зеленский өлкөнү тынчтук орнотуу жолу менен гана сактап каларын билдирди. Мындай пикирин кечээ, 23-апрелде Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагына жазган.

"Анын азыр мактана турган эч нерсеси жок! Украинадагы абал кейиштүү. Зеленский бүтүндөй өлкөнү жогото электе тынчтык орнотушу керек, же дагы үч жыл согуша алат", - деп билдирүү калтырган Трамп.

Ошондой эле ал согушта өлүп жаткан аскерлерге тынчсызданып жатканын дагы кошумчалаган.

"Менин Орусияга эч кандай тиешем жок, бирок мен жума сайын орто эсеп менен беш миң орус жана украин жоокери өлүп жатканына тынчсызданып жатам. Зеленскийдин бүгүнкү билдирүүсү адам өлүмүн гана көбөйтөт, бул эч кимге пайда алып келбейт", - деген Трамп.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан