Өзбекстанга келген Сергей Лавров орусча жазуу жоктугуна нааразы болду

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Самарканддагы Түбөлүк оттун орус тилинде жазылган жазуусу жок экенине нааразы болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Министр белгилегендей, Самарканддагы "Кайгылуу эне" мемориалында курман болгон жоокерлерди эскерүү сөздөрү англис тилине гана которулган.

"Мен англис тилинде гана которулган жазуу бар экенин көрүп турам, орусча жок го. Эне – бул эң ыйык нерсе", - деген ал мемориал менен тааныштырып жаткан кызматкерге.

Бул учурда алардын жанында Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиер Саидов дагы турган.

Сергей Лавров эки күндүк расмий сапар менен Самаркандда жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан