
Өлкөнүн Улуттук банкы алдамчылыктын жаңы схемасы тууралуу эскертип, жарандарды сак болууга чакырды.
Мекеме билдиргендей, шылуундар жакын досторунун таанышы катары чалышып, же Улуттук банктын жана укук коргоо органдарынын атын жамынып, мүлкү шылуун риэлторлордун колуна түштү деген шылтоо менен жарандардын акчасын жана үйлөрүн тартып алышууда.
Буга байланыштуу Улуттук банк акча которуу өтүнүчү менен эч качан жарандарга чалбай турганын эскертти.
"Мессенжерлер аркылуу кызматкерлердин күбөлүктөрүн жана башка расмий документтерди жөнөтпөйт, ошондой эле физикалык жактарды тейлебейт.
Мындай билдирүүлөргө ишенбеңиз жана эч убакта чоочун адамдарга акчаңызды которбоңуз. Эгер күмөн саноолор болсо, анда сүйлөшүүнү дароо токтотуп, мүмкүн болсо маалыматтарды расмий булактардан текшериңиз.
Эгерде сиз шылуундардын курмандыгы болуп калганыңызды түшүнсөңүз, банк картасын бөгөттөө үчүн сизди тейлеген коммерциялык банкка тезинен кайрылыңыз, ошондой эле укук коргоо органдарына арыз бериңиз", - дешти мекемеден.