Telegram мессенжеринде xCoin.KG бот каналы мыйзамсыз онлайн казино уюштурганы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган бот канал онлайн казино ишин жүргүзүүгө лицензиясы жок 1-Xbet букмекери аркылуу банк карталар менен коюмдарды кабыл алып, акча каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүп келген. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу) менен кылмыш иши козголгон.
ИИМ xCoin.KG бот каналынын 20 жаштагы ээси жана 20 жаштагы 2 оператору аныкталып, ээси шектүү катары кармалып, камакка алынганын белгиледи. Учурда буга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.