
Ош шаарында жүзүн жашырып жүргөн жарандарга карата рейддик иш-чаралар башталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Иш-чаранын алкагында милиция кызматкерлери жана дин өкүлдөрү менен биргеликте шаар аймагын кыдырышып, жарандарга жүзүн жабууга жана никаб кийүүгө байланыштуу мыйзамдагы талаптарды түшүндүрүп, аларды мыйзамга баш ийүүгө чакырып жатышат.
"Мыйзам талаптарын аткарбаган жарандарга карата административдик чаралар көрүлөт.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жарандарды коомдук тартипти сактоого жана мыйзам талаптарын так аткарууга чакырат", - деп билдиришти шаардык милициядан.
Ал эми рейддик иштер алгачкы ирет Жалал-Абадда
орун алган.