Бүгүн, 24-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков өкмөттү парламент менен биргелешип иш алып барууга чакырды.
"Өкмөт элдин алдында "триллион чогултуп жатабыз" деп жатат. Триллионду мурда эмне үчүн чогулткан эмес? Бир да парламент шарт түзүп берген эмес. Ушул парламент өкмөткө кандай гана шарттарды түзүп берип жатабыз. Жакшы эле иштеп жатпайбызбы. Мыйзамга келгенде дос, тойго келгенде өгөй баладай болуп калып жатабыз да. Ошондуктан чырдашпай эле көп нерселерди жасасак болмок", - деди ал.