Бишкекте кармаш урушу боюнча мелдеш өтөт

26-27-апрель күндөрү Бишкек шаарында кыргыз спортунун 100 жылдыгына карата кармаш урушу боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат: Эркектер арасында 57, 62, 67, 73, 80, 88, 97, +97 килограмм, кыз-келиндер арасында 48, 53, 58, 64, 70, +70 килограмм.
Өзүн-өзү коргоо боюнча:
Эркектер арасында (18-37 жаш): 70, 80, 90, +90 килограмм;
Кыз-келиндер арасында (18-37 жаш): 50, 70, +70 килограмм;
Эркектер арасында (38-49 жаш): 75, 95, +95 килограмм;
Кыз-келиндер арасында: 60, +60 килограмм;
Эркектер арасында (50-60 кг): 85, +85 килограмм.
Белгилей кетсек, өлкө чемпиондугу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Карамаш урушу боюнча федерациясы тарабынан уюштурулууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан