Баткен облусунун Кадамжай районунда Mercedes Sprinter унаасынын айдоочусу жол жээгинде турган өспүрүмдү сүзүп, ал каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Кырсык 21-апрель түшкү саат 12:30 чамасында болгон. Анда Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылы аркылуу өткөн Ош–Баткен–Раззаков жолунун 95-чакырымында Мерседес-Бенц-312 үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бара жаткан Үч-Коргон айылынын тургуну, 1986-жылы туулган Ш.А.Ю, жолдун оң тарабында жүргөн жөө жүргүнчүнү коюп кеткен. Кырсыктын кесепетинен Арпа-Сай айылынын 2007-жылы туулган тургуну Р.А.Ш. алган жаракаттарынан улам Үч-Коргон аймактык ооруканасына жетпей каза болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен иш козголуп, унаанын айдоочусу камакка алынган.
Учурда бул жол кырсыгы боюнча тергөө иштери жүрүүдө.