Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директору Цюй Дуньюй менен жолукту.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен уюмдун кызматташтыгы, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарбаны туруктуу өнүктүрүү жана элет элинин турмушун жакшыртуу маселелерине байланышкан долбоорлордун алкагында сүйлөшүү жүргүздү.
МинКаб билдиргендей, Азык-түлүк жана айыл чарба уюму Кыргызстанда жалпы суммасы 35 миллион долларды түзгөн 13 улуттук долбоорду ишке ашырууда. Мындан тышкары бул уюм Кыргызстанда 18 глобалдык, аймактык жана субрегионалдык долбоорлорду ишке ашырууну колдойт.
Жолугушуунун жыйынтыгында Министрлер кабинети менен Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун ортосунда Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлчүлүгүн Кыргызстанда түзүү жөнүндөгү макулдашууга кол коюлду.
Маалымат үчүн: Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун түзүлгөнүнө 80 жылдан ашты. Уюмга дүйнөнүн 197 мамлекети мүчө, ал эми Кыргазстан 1993-жылдан бери кызматташып келет.