Касымалиев Вашингтондо америкалык жана эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту

Америка Кошмо Штаттарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев экономиканын түрдүү тармактарындагы америкалык ири корпорациялардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү. Бул туурасында президенттик администрациянын маалымат кызматы билдириди.

Маалымдалгандай, конструктивдүү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды.

Анда "Боинг" компаниясынын аймактык директору Павел Чичко менен жолугушууда Кыргызстандын авиациялык инфраструктурасын модернизациялоо жана транзиттик потенциалды өнүктүрүүнү камтыган авиация тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө басым жасалды.

IBM компаниясынын мамлекеттик башкаруу жана жөнгө салуу боюнча вице-президенти Майк Харни менен мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, процесстерди оптималдаштыруу жана кыргыз экономикасын санариптештирүүнү тездетүү үчүн алдыңкы IT чечимдерди жана IBM технологияларын ишке киргизүү боюнча конкреттүү кадамдар талкууланды. Киберкоопсуздук жана жеке маалыматтарды коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

“Starlink” компаниясынын директору Ребекка Хантер менен жолугушууда Кыргызстандын бүткүл аймагында, анын ичинде тоолуу жана алыскы райондордо Starlink спутниктеринин алдыңкы технологияларын колдонуу менен жогорку ылдамдыктагы интернетке кеңири жеткиликтүүлүктү камсыздоонун практикалык аспектилери талкууланды.

"White & Case LLP" юридикалык фирмасынын өнөктөшү Мэттью Дроссос менен Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду укуктук жактан колдоо, ири эл аралык компанияларды тартуу үчүн эң жагымдуу шарттарды түзүү жана инвестициянын туруктуулугун камсыз кылуу максатында инвесторлордун укуктарын коргоо жаатындагы мыйзамдарды жакшыртуу жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселелери талкууланды.

SinoPowell компаниясынын негиздөөчүсү аткаруучу директору Стивен Пауэлл менен пайдалуу кендерди казып алуу тармагындагы долбоорлорго инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү, атап айтканда, маанилүү пайдалуу кендердин кендерин иштетүү боюнча сүйлөшүү болду.

Cove Capital компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Пини Алтаус менен жолугушууда Кыргызстандын энергетика тармагына, ошондой эле маанилүү кендерди казып алуу жана кайра иштетүүгө байланышкан долбоорлорго инвестиция тартуунун келечеги талкууланды.

Бардык жолугушуулардын жүрүшүндө төрага Кыргызстандын өкмөтүнүн эң жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө, инвесторлордун укуктарын коргоого кепилдик берүүгө жана ишке ашырылып жаткан долбоорлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө бекем ниетин баса белгиледи.

Жумушчу сапарынын соңунда Касымалиев финансылык операциялар чөйрөсүндөгү алдыңкы тажрыйбаларды жана технологияларды изилдөө максатында «VISA» (Visa) компаниясынын процессингдик борборунун иши менен таанышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан