Оштогу Ак-Буура дарыясынан ок-дарылар табылды

Кара-Суу районунда дарыядан ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга А. аттуу жаран ок-дарыларды сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кара-Суу райондук милициясы буга тиешеси бар жаранды аныктап, кармаган. Анын көрсөтмөсүнүн негизинде Ак-Буура дарыясына кароо жүргүзүлүп, жалпы 75 даана 5.45 калибрлүү ок табылган.

Учурда буга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан