
Билим берүү жана илим министрлиги Стамбулда математика мугалими кармалгандан кийинки окуучулардын абалы боюнча билдирүү таратты.
Басма сөз кызматы маалымдагандай, министрлик Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан эл аралык математика олимпиадасына мектеп окуучуларынын катышуусуна жана алардын өлкөдөн чыгуусуна эч кандай тиешеси жок. Бул сапардын бардык уюштуруу маселелери, анын ичинде тандоо, коштоп баруу жана логистика маселелери жеке Zeen Education билим берүү компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн. Комапниянын директору Айнура Мамашарип 20-апрелде Кыргызстандан 36 окуучу, 4 ата-эне жана 3 мугалимден турган делегация олимпиаданын уюштуруучуларынын чакыруусу менен Анталия шаарына барышканын билдирген.
"Окуучулар ата-энелеринин нотариалдык макулдугу менен компаниянын өкүлдөрүнүн коштоосунда сапарга чыгышкан. Ал эми окуучулар көзөмөлсүз калган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда окуучулар коопсуз шартта олимпиадага катышып жатышат, алардын Кыргызстанга кайтып келүүсү 25-апрелге белгиленген", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик кырдаалга байкоо салып жаткандыгын билдирип, олимпиадаларды, сынактарды жана окуучулар менен студенттердин катышуусундагы башка иш-чараларды уюштурган жеке уюмдарга министрликтин аймактык бөлүмдөрү менен сөзсүз түрдө макулдашып өткөрүүнү сунуштады.
Айта кетсек, буга чейин “Маариф” (мурдагы “Сапат”) эл аралык билим берүү мекемесинин Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими
Азамат Нурмат уулу Түркияга кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы
кабарланган. Ал Стамбул аэропортунан чек арачылар тарабынан кармалганы айтылган.
Андан соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча иш алып барылып жаткандыгын расмий
билдирген. Ошондой эле Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине вербалдык нотасын тапшыргандыгын
маалымдады.