15-16-май күндөрү Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Түбөлүк эл кыргызым” аталышындагы республикалык төкмө акындардын айтышы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Маалыматта айтылгандай, айтыштын байге фонду 2 миллион сом.
"Айтышка төкмө акындар: Баян Акматов, Изат Айдаркулова, Болот Назаров, Чыңгызхан Кожошов, Акматбек Султан уулу, Эсенбек Кийизбаев, Турат Жумаев, Асылбек Маратов, Кубат Тукешов, Жылдызбек Төрөканов, Нурайым Бактыяр кызы, Мундузбек Усупбек уулу, Мамбеттокто Мамбеторозо уулу, Арген Биймырза уулу, Нурсултан Малдыбаев, Элмирбек Иманалиев катышат", - деп билдиришти уюштуруу тобу.
Айтыш саат 18:00дө башталат. Кенен маалымат алуу үчүн байланыш номуру: 0700281071.