Түрк дарыгерлеринин жер титирегенде ымыркайларга чуркап барганы көпчүлүктүн жүрөгүн жылытты (видео)

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги Стамбулдагы 6,2 баллдык жер титирөө учурундагы шаардык ооруканада тартылган видеону жарыялады.

Анда жаңы төрөлгөн ымыркайлар жаткан жандандыруу бөлүмүндөгү дарыгерлер жер титирегенде көчөгө чуркап чыкпай, дароо ымыркайларга чуркап барган.

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.

"Кичинекейлерди бир саамга калтырбай койгонуңар үчүн силерге ыраазыбыз. Силердин бар болгонуңар абдан жакшы", - деп жазды министрлик видеого.

Белгилей кетсек, 23-апрелде Стамбулда күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болгон. Мындан улам 240 жаран жабыркап, 12 үйдүн жашоочулары коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Стамбулдагы дарыгерлердин видеосу жүрөк жылытты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан