Кыргызстандык бийчилер Орусияда өткөн эл аралык турнирде алтын алышты. Бул тууралуу өлкөнүн Бий спорту федерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 19-20-апрель күндөрү Орусиянын Новый Уренгой шаарында спорт жана бал бийи боюнча эл аралык мелдеш өткөн. Ага Орусия, Беларус, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн бийчилери катышкан.
Аталган мелдеште кыргызстандык бийчилер Руслан Валиев жана Виктория Светличная алтын медаль алган. Ошондой эле ушул эле жуп дагы бир нече категориядагы мелдешке катышып, 3-4-6-орундарга ээ болгон.
Ал эми Андрей Гусев менен Румия Камалидинова ушул эле мелдеште 9-орунга ээ болушкан.