Бишкек шаарындагы №34 автобустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлдү. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, буга чейин аталган автобус каттамы Курманжан датка көчөсү, Жибек Жолу проспектиси, Ибраимов көчөсү жана Чүй проспектиси менен каттаган.
Эми автобустар Курманжан датка, Салиева, Сүйүмбаев көчөлөрү жана Чүй проспектиси менен каттап баштайт.
Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат.