"Дароо пенальти". УЕФА Чемпиондор Лигасына өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн

Европа футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА) Чемпиондор Лигасынын форматына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, УЕФАнын клубдук мелдештер комитети 30-майда Мюнхенде үч маселени карайт.

Уюмдун мүчөлөрү турнирдин плей-офф баскычында кошумча убакытты алып салуу маселесин талкуулашат. Эреже кабыл алынса, эки беттештин жыйынтыгында тең чыгуу болсо, мурдагыдай кошумча убакыт эмес, дароо пенальти аткарылат.

Ошондой эле жалпы этаптын жыйынтыгында алдыңкы 8ге кирген командалар рейтинги төмөн атаандаштары менен плей-оффтун бардык жооптук беттештерин өз үйүндө өткөрүү укугуна ээ болушу мүмкүн. Учурда бул 1/8 финалга гана тиешелүү.

Чечим оң болсо, Клубдук мелдештер комитети бул сунуштарды УЕФАнын Аткаруу комитетине берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан