Ош облусунда селден улам жабылган Мырзаке–Кара-Шоро жолу калыбына келтирилип, каттамга ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы маалымдайт.
Бүгүнкү күндө “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасы тарабынан жолдун жээгин бекемдөө, суунун агымын буруу жумуштары жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, жолдун 49-51-чакырымдар аралыгындагы айрым тилкелерди жууп кеткен.