+30 градуска чейин жылыйт. Ишембиге карата аба ырайы

Эртең, 26-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Ага ылайык, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7 ... +12, күндүз +24 ... +29;

Талас жергесинде түнкүсүн +5... +10, күндүз +21... +26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9... +14, күндүз +25... +30;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +4 ... +9, күндүз +16 ... +21;

Нарын дубанында түнкүсүн +1 ... +6; күндүз +14... +19;

Бишкекте түнкүсүн +10... +12, күндүз +26... +28 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан