Быйыл элден чогулган битир-садаканын суммасы 6 миллион 487 миң 276,4 сомду түздү. Мындай маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы таратты.
Мекеме билдиргендей, битир-садака арыз менен кайрылган жаранга 3 категорияда таркатылган:
Жалпы суммасы 5 миллион 123 миң сом таркатылды. Калган сумма муфтияттын курамындагы диний окуу жайларга таркатылып берилгенин КМДБнын башкы бухгалтери Толкунбек ажы Жуманов билдирди.
«Битир-садакалар мечиттерибизде топтолот. Биз элдин ибадат иретинде берген битир-садакаларын өз даректерине жеткирүүгө абдан катуу маани беребиз. Шарият боюнча бериле турган атайын орундар бар. Сиздер битир-садака берген момун-мусулмандар үчүн дуба кылып, алардын кылган ибадаттарын кабыл болуусун Жараткандан тилеңиздер. Алган тыйыныңыздарды жакшылыктарга гана колдонуңуздар», – деген муфтийдин орун басары Талантбек Темирбаев.
Ал топтолгон битир-садаканын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерде, 30 пайызы хатибияттарда жана казыяттарда каларын, калган 10 пайызы гана муфтиятка бөлүнөрүн, битир-садаканын ар бир тыйыны арыздын негизинде өз дарегине жеткирилерин, мекеменин бюджетине ибадаттык каражаттан 1 сом дагы кирбешин баса белгиледи.