Англиялык чабуулчу Жейми Варди сезондун аягында 13 жыл ойногон "Лестер" футбол клубунан кетет. Бул тууралуу футболчу өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуусунда айтты.
Ал англиялык клубда 2012-жылдан бери ойноп келет жана команданын тарыхындагы эң мыкты бомбардир. Варди команданын курамында 496 оюн өткөрүп, 198 гол киргизген.
"Мен клубда ушунчалык көп убакыт ойнодум, мындай болот деп ойлогон дагы эмесмин. Бул чечим мен үчүн абдан оор болду. "Лестер" менин экинчи үйүмө айланды. Бирок коштошууга убакыт келди", - деп билдирди Варди.
Команда менен бирге Варди Англия Премьер Лигасынын 2015/16 сезонунда чемпион болуп, турнирдин мыкты оюнчусу болгон. Бул "Лестердин" тарыхындагы алгачкы жана жалгыз чемпиондук. Ошондой эле Варди Англия Кубогун (2020/21) жана Англия Суперкубогун (2021) жеңген.