Ысык-Көлдүн жээгине пирс, пирстин үстүнө бууканаларды (парилка), бар текчелерин, саркынды сууну тазалоо тумунун жана коомдук ажатканаларды курса болот. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтомдо көлдүн жээгиндеги 100 метрлик аймакка аталаган нерселерди куруу өзгөчө учурларда гана өкмөттүн чечими менен ишке ашары белгиленген.
Мындай сунушту туристтик кызматты жакшыртуу үчүн Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (учурда министрлик) киргизген болчу. Мамкурулуш 10-январда тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга койгон.
Белгилей кетсек, Ысык-Көлдө көлдүн үстүнө мончо же сауна орнотуп иштетүүгө өкмөт 2018-жылы тыюу салган, бирок алардын айрымдары 2024-жылга чейин иштеп келген.