Бүгүн, 26-апрелде Ош шаарынын Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгында №88 “Аалам нуру” бала бакчасынын ачылышы болду. Аземге калаа мэри Жеңишбек Токторбаев катышты.
Шаар башчысы ар бир бала келечек, эгемен мамлекеттин таянычы экенин белгилеп, бала бакчанын курулушуна салым кошкон бардык тараптарга жана колдоочу мекемелерге ыраазычылыгын билдирди.
Калаа мэриясы кабарлагандай, 2 кабаттуу мекеменин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2021-жылы башталган. Бүгүнкү күндө бала бакчанын ички жана сырткы жасалгалоо иштери толугу менен аяктап, зарыл жабдуулар менен камсыз болгон.