Баткенде өстүрүлгөн кулпунай Орусия жана Казакстанга экспорттоло баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалыматында айтылат.
Белгиленгендей, Кадамжай районунун Актурпак айыл аймагындагы “Кызыл алтын” айыл чарба кооперативи 7 гектар жер аянтын иштетет. Ал жерде 14 киши эмгектенет.
"Быйылкы жылы 4 гектарга клера сортундагы кулпунай өстүрүлгөн. 1 гектардан 30 тоннага чейин түшүм жыйнап, Орусия жана Казакстанга 1 килограммын 420-430 сомдон экспорттоп жатышат", - деп жазылат анда.