Индияда Пакистандын жарандарын мекенине кайтаруу аракеттери көрүлүүдө

Индиянын ички иштер министри Амит Шах өлкө штаттарынын башчыларын Пакистандын бардык жарандарын мекенине кайтарууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Айта кетсек, 23-апрелде Кашмирде 27 адамдын өмүрүн алган куралдуу кол салуудан кийин өзөктүк куралы бар атаандаштар Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуу күчөгөн.

Ага ылайык, кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Лашкар-е-Тайба" террордук уюму менен байланышы бар "Каршылык көрсөтүү фронту" деп аталган топ өзүнө алган.

24-апрелде Индиянын чалгын кызматтары "Лашкар-е-Тайба" тобунун чабуулуна Пакистандын Кызматтар аралык чалгындоо кызматынын тиешеси бар деген далилдерди тапканын билдирди.

Ал эми Пакистан өкмөтү жаңжалды курчутууга кызыкдар эмес экенин айтып, Кашмир окуясына эч кандай тиешеси жок экенин жана Индияны “аймактагы коопсуздукка дүйнөнүн көңүлүн бурууга аракет кылып жатат” деп айыптады.

"Индиянын ички иштер министри Амит Шах бардык баш министрлерге алардын штаттарында жашаган Пакистандын жарандарынын өздүгүн тактап, аларды мүмкүн болушунча тез арада Пакистанга кайтаруу чараларын көрүүнү суранды", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 23-апрелде Кашмирдеги Пахалгам шаарында туристтерге ок атылып, 27 адам каза болуп, ондогон адам жарадар болгон. Бул аймак Индия тарабынан көзөмөлдөнөт, бирок Пакистан ага көптөн бери доомат кылып келет.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, бүгүн, 26-апрелде Пакистан аскерлери Жамму жана Кашмирдеги көзөмөл линиясындагы Индиянын чек ара бекеттерин аткылашканы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан