Бишкек шаарында жол катмарын калыбына келтирүү жана жылуулук тармагын реконструкциялоо иштерине байланыштуу бир нече автобустун каттамдарды өзгөрдү. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштери Курманжан датка көчөсүнүн Чүй проспектисинен Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүргүзүлүүдө.
Буга байланыштуу №169, №104 жана №146 автобус каттамдарынын кыймыл схемалары жарым-жартылай өзгөртүлдү.
Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.