Биз социалдык тармакта

Эл аралык издөөдө жүргөн жаран Түркиядан Кыргызстанга жеткирилди

Диний кастыкты козуткан материалдарды таратууга шектелип эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык Түркиядан кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, 2012-жылы А.Д. аттуу жаран диний кастыкты козутууну жараткан материалдарды таратуу иш аракеттерди кылып, Ош облусунун Араван РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал эми шектүү изин жашырып качып кетип, эл аралык издөөгө алынган.

Шектүү 2006-жылдан тартып "Хизб-ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү экендиги жана мурун соттолгон экендиги аныкталгандыгы маалыматта кошумчаланган.

Такталган маалыматтар боюнча, издөөдө жүргөн 1978-жылы туулган А.Д. аттуу жаран 2012-жылы Орусияда, 2016-жылдан бери Түркияда изин жашырып жүргөн.

Бирдиктүү иш-аракеттердин натыйжасында 24-апрелде ал Түркиядан Кыргызстанга жеткирилди.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан