Кара-Сууда эки жигит 17 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелүүдө

Ош облусунун Кара-Суу районунда адам өлтүрүүгө шектүү жарандар кылмыштын изи сууй электе кармалды. Бул туурасында Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, кечээ, 25-апрелде райондук милицияга Отуз-Адыр айыл аймагынын 2007-жылы туулган тургуну, А. А. аттуу кыз белгисиз адам тарабынан денесинен оор жаракат алып, каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада райондук милиция шектүүлөрдү кылмыштын изи сууй электе кармады. Алар Кара-Суу районунун 2007-жылы туулган Ж.С. жана Жалал-Абад облусунун 2009-жылы туулган А.Б. аттуу жарандары экендиги аныкталды.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан