Орусияда киши өлүмүнө шектелип издөөдө жүргөн жаран Кыргызстандан кармалды

УКМК Кыргызстанга мыйзамсыз өткөн, Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жаранды кармашты.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал киши өлтүрүү фактысы боюнча издөөдө жүргөн жакынкы батыш өлкөлөрүнүн биринин Ш.К. аттуу жараны.
Ага 2024-жылдын январынан баштап издөө жарыяланган.
"Чет элдик жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылбоо максатында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүп, андан ары өлкө аймагында легалдаштыруунун жолун издеп жүргөн. Козголгон кылмыш ишинин алкагында Ш.К. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан