Камчыбек Ташиев Бишкектин Милициянын кайгуул кызматынын 5 кызматкерине акчалай сыйлык берди

Бүгүн, 26-апрелде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектин Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлерин сыйлады. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, патрулдук милициянын 5 кызматкерине акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Ташиев кызматкерлердин иши менен таанышып, кызматтык нускамалардын сакталышын жана жарандар менен өз ара аракеттенүүсүн текшерип, мыйзамдуулукту сактоо жана калктын коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле ар бир мамлекеттик кызматкер, ар бир саатын өз мекенине кызмат кылууга арнап, Кыргызстан үчүн жан дили менен иштөөгө милдеттүү экендигин кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан