Жүлүн булчуң атрофиясы (СМА) менен ооруган бөбөртөр – Хамза, Аслан, Байхан дарылануу үчүн Дубайга учуп кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде балдарга акча чогултуу үчүн ачылган Инстаграм баракчаларында жарыяланды.
"Кыргыз элим, сиздердин жардамыңыздар менен Zolgensma уколун алуу үчүн кетип жатабыз. Бардык документ иштери кечээ бүттү. Дагы да дуба кылып туруңуздар, балдарыбыз ушул уколду алып жакшы болуп кетишсин. Баарыңыздарга Аллах ыраазы болсун", - деген Хамзанын атасы.
Белгилей кетсек, 15-мартта СМА менен ооруган Хамзага жетиштүү каражат топтолуп бүткөн. Андан кийин Аслан, Байхандын дарылануусуна каражат топтоо иштери башталып, бөбөктөргө дагы жетиштүү каражат март айында чогултулуп бүткөн.
Маалымат үчүн: СМАга каршы бир уколдун (Золгенсма) баасы 170 миллион сом турат.