Унаасынан сүйрөп түшүп... Чүйдө акча опузалоого шектелген жаран кармалды (видео)

Кемин районунда опузалап акча талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23 жаштагы жаран милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз адам денесине залал келтирип, коркутуп, акча талап кылганын айткан. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Облустук милиция УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте шектүү делген 47 жаштагы жаранды талап кылган акчаны алып жаткан жеринен колго түшүргөн. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.

28.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан