Эртең, 29-апрелде Бишкектин Красный строитель конушунда жана шаарчасында таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 24:00гө чейин Саадаев жана Киргизская көчөлөрүндөгү 300 мм болгон суу өткөрмөсүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Өчүрүү аймактары:
Киргизская көчөсү, Саадаев көчөсү, Бельская көчөсү, Сары-Челек көчөсү, Бухарская көчөсү жана Киргизская көчөсү.