Зеленский Курсктагы украиналык аскерлер боюнча маалымат таратты

Украин аскерлери Курск аймагында. Мындай докладды Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский жасагандыгын өлкө лидери Владимир Зеленский Telegram-каналына жазды.

Анын айтымында, Орусия менен аталган аймакта көптөгөн багыттар боюнча салгылашуулар уланып, кырдаал оор бойдон калууда.

"Эң көп салгылашуу Покровка, Краматорск, Лиман жана Курск багыттарында жүрүп жатат. Биздин аскерлер Курск жана Белгород облустарынын белгиленген аймактарында активдүү коргонуу аракеттерин улантууда", — деп белгилеген Зеленский.

Ошол эле учурда украин аскерлери байланыш тармактарында орусиялыктар Горналь кыштагын дээрлик толугу менен бошотуп, Олешня аймагына бет алганын жазышкан.

Зеленский ошондой эле Киев АКШнын ок атышпоо сунушун кабыл алгандан бери, башкача айтканда, 11-марттан бери Орусия Украинага 8500 аба бомбасын, 200 түрдүү ракеталарын учурганын билдирди.

Айта кетсек, 26-апрелде Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы украиналыктар Курск облусунан толук чыгарылганын жарыялап, көп өтпөй Украина тарап бул маалыматты четке каккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан