Эки жолку "Оскар" сыйлыгынын ээси, америкалык актёр Жин Хэкмен жүрөк оорусунан каза болгон. Бул тууралуу Fox News телеканалы экспертизанын жыйынтыгына таянып билдирди.
Ал эми анын жубайы Бетси Аракава хантавирустан кайтыш болгон.
Эске салсак, 26-февралда актёр менен анын жубайынын сөөгү АКШнын Санта-Фе шаарындагы үйүнөн табылган. Үйдө иттин өлүгү да болгон. 65 жаштагы Аракава жуунучу бөлмөдөн, 95 жаштагы Хэкмен ашкана бөлмөсүнүн жанынан табылган.