Бүгүн, 28-апрелдеги Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы жаңы гимндин тексти коомдук талкууга чыгарылышы керектигин билдирди.
Эл өкүлү гимндин текстин комиссия гана тандаганын туура эмес деп баалады.
"Коомчулук сунуш берип, өз пикирин айта алышпайбы? Бул жагын ойлонуп көрүү керек. Бул деген гимн да, аны ар бир жарын колун жүрөгүнө алып ойгонуп, ошол менен турат. Сиздер айтып жатасыздар, "комиссия тандаган бир канча варинттар болот" деп. Мен ошол тандалган варианттарды коомдук талкууга коюуну сунуштайт элем. Эл дагы жаңы гимндин кабыл алынышына катышуу керек деп ойлойм. Ушул туура болот. Комиссиядагы 47 адам 7 миллион жаран үчүн тандап койгону туура эмес болот", - деди депутат.
Ал эми Маданият министри Мирбек Мамбеталиев тандалган долбоорлор ЖМКлар аркылуу жарыяланарын билдирди.
"Тандалган долбоорлорду ЖМКлар аркылуу жарыялап, Жогорку Кеңешке сунуштайбыз. Комиссияда 47 адам бар, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары, белгилүү композиторлор дагы бар. Коомдук талкууга чыгарбайбыз, жарыялайбыз", - деди Мамбеталиев.