MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору өзүнүн 19 жылдыгын сиздер менен биргеликте белгилейт! Бул маанилүү датанын урматына 28-апрелде компания ар бир абонентине акысыз интернет – MEGA тармагын канча жылдан бери колдонуп жатканыӊызга жараша 5, 10 жана 20 ГБ белек кылат.
Канча жылдан бери MEGA командасында экениӊизди билип, Mega24 колдонмосунда же *400# буйруусун терүү менен акысыз гигабайттарды алыңыз.
Белекке берилген интернет активдүү тарифте жети күн бою жеткиликтүү болот.
Онлайн мүмкүнчүлүктөрдүн жаңы горизонтторун ачыңыз: сүйүктүү тасмаларды көрүңүз, музыкадан ырахат алыңыз, жакындарыңыз менен баарлашыңыз жана MEGA менен интернет дүйнөсүн изилдеңиз!
Урматтуу абоненттер!
Сиз биздин чоң үй-бүлөнүн ажырагыс бөлүгүсүз, жана ишенимиңиз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз. MEGAны тандаганыңызга рахмат – биз сиз үчүн иштейбиз!
Белекти кошууга шашылыңыз жана ишенимдүү оператордун сапаттуу байланышы менен ырахаттаныӊыз.
MEGA – мыктыны тандоо!