АКШнын президенти Дональд Трамп Укранинанын лидери Владимир Зеленский Ватиканда өткөн жолугушууда курал-жарак сураганын билдирди. Ал бул тууралуу Нью-Жерсидеги Морристаун аэропортунда өткөн брифингде журналисттерге айткан.
"Ал мага дагы курал керек деди. Ал 3 жылдан бери дагы курал керек деп айтып жатат. Келгиле, эмне болорун көрөбүз. Мен орус тарапта эмне болорун көргүм келет", - деген ал.
Эске салсак, Зеленский менен Трамп Ватиканда кыска жолугушуу өткөргөн. Экөө тең ал жакка Рим папасы Францискти акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуу үчүн барышкан.