Бүгүн, 28-апрелде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кезектеги рейддик кыдыруунун алкагында “Жапалак” унаа базарына барды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, мэр жеринде жүрүп жаткан иштер менен таанышып, заманбап базардын эскизин көрдү. Ал шарттарды жакшыртуу жана аймакты иретке келтирүү максатында толугу менен асфальттоо, жаңы административдик имаратты, шлагбаумдарды, ажаткананы куруу иштерин жргүзүүнү тапшырды.
Учурда унаа базарында жарыктандыруу системасы жаңыланып, байкоо камералары орнотулган. Ошондой эле кошумча жолдор курулуп жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.