ТИМ Стамбулдагы мугалимдин кармалуу себебин ачыктады (видео)

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев Стамбулда чек арачылар тарабынан кармалган "Маариф" мекемесинин мугалими боюнча суроо берип, ага көрсөтүлүп жаткан Кыргызстандын көмөгүнө кызыкты.

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев анын кармалышынын себептерин ачыктап, учурда аткарылып жаткан иштерге токтолду.

"ТИМ менен элчиликке Азамат Нурмат уулунун кармалганы туурасында маалымат келип түшөрү менен Түркиянын укук коргоо кызматы менен байланышканбыз. Өзүңүз жакшы билсеңиз керек, 2016-жылы Түркияда аскерий төңкөрүш болгон. Ошол учурда бул азаматыбыз ошол жакта жашап жаткан. Окуя учурунда Фетхуллах Гүлендин тарапташтары колдонуп жүргөн атайын тиркемени колдонгон экен. Ал программа экен. Ошонун негизинде мугалим Түркиянын ичинде издөөгө алынган.

Анын жактоочусу менен биздин кызматкерлер жеринде иш алып барууда. Мугалимдин ата-энеси, аялы менен жолугуп, баарын түшүндүрдүм. Учурда жакындарын телефон аркылуу байланыштыруу иштери жүрүп жатат", - деп билдирди министрдин орун басары.

Ал эми эл өкүлү ар бир кыргызстандыкты кайсы жакта болбосун мамлекет коргош керектигин эске салды.

Айта кетсек, буга чейин “Маариф” (мурдагы “Сапат”) эл аралык билим берүү мекемесинин Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияга кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Ал Стамбул аэропортунан чек арачылар тарабынан кармалганы айтылган.
Андан соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча иш алып барылып жаткандыгын расмий билдирген. Ошондой эле Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине вербалдык нота тапшыргандыгын маалымдады.
Жогорку Кеңеш 28.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан