Социалдык тармактарда ээнбаштык жасаган мопед айдоочусунун тарап жаткан видеосу эски. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Башкармалык ага ошол учурда эле тийиштүү чара көрүлүп, мопед айып короого киргизилгенин белгиледи.
Буга чейин социалдык тармактарда унаа жолдо мопед айдоочусунун кооптуулук жараткан кылыгы тартылган видео тараган болчу.