"Ар бир образымдын өз күйөрманы бар". Актёр Эмил Эсеналиев 36 жашка толду 

Бүгүн, 28-апрель – белгилүү актёр, тамашоучу Эмил Эсеналиевдин туулган күнү. Ал бул жылы 36 жашка толду. "Ар бир жараткан образымдын өз күйөрмандары бар" деген актёр өздүк майрамы менен куттуктаган ар бир жаранга ыраазычылыгын билдирди.

р бир жараткан образымдын өз күйөрмандары бар. Мен бүгүн 36 жашка келдим. Жакындарыма, күйөрмандарыма чоң рахмат. Мени менен болгон ар бир жанга рахмат айтам. Ошондой эле Казакстандан, Өзбекстандан, Татарстандан жана Дагестандан куттуктап жаткандарга дагы рахмат. Баарыңарга Кыргызстандан салам", - деп билдирүү калтырган ал.

Эмил Эсеналиев Нарын районундагы Он-Арча айылында 1989-жылы 28-апрелде туулган. Ал Бишкек шаарындагы Ак-Өргөө конушунда жашап, ал жактагы достору менен "Тамашоу" долбооруна катышуу максатында "Ак-Өргө сity" командасын түзүшкөн. Ал команда 2008-жылы 1-ноябрда "Тамашоунун" алгачкы оюнуна катышып, күйөрмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ боло алышкан.

Андан кийин Эмил Эсеналиев актёрлук менен алектенип, "До+Фа", "До+Фа-2", "Пентхаус", "Мачо", "Сюрприз", "Көк бөрү" тасмаларына тартылган.

Ал эми былтыр режиссёр Руслан Акун тарткан “Бейиш эненин таманында” тасмасына тартылып, андагы аткарган ролу менен актёр талантынын башка кырын көрсөтө алды. Аталган тасма Казакстанда, Өзбекстанда, Орусияда, Түркияда жана башка көптөгөн өлкөлөрдө көрсөтүлдү.

Эсеналиев 2015-жылы декабрь айында актёр Марат Козукеевдин кызы Айгерим Козукеевага баш кошкон. Учурда түгөйлөр бир кыз, эки уулду өстүрүп келишет.

Эмил Эсеналиев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан