Азербайжандын Баку шаарында Кыргызстандын Соода үйү ачылды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы бүгүн, 28-апрелде билдирди.
Кабарга ылайык, анда кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн товарларын илгерилетүү, туристтик потенциалды жана инвестициялык долбоорлорду тааныштыруу үчүн көргөзмө жана соода зоналары уюштурулган. Ошондой эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн орун бар.
25-апрелде өткөн ачылыш аземге Азербайжандын расмий түзүмдөрүнүн, дипломатиялык корпустун, ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты.
Долбоордун алкагында Азербайжанды, Казакстанды, Кыргызстанды, Түркмөнстанды, Түркияны жана Өзбекстанды символдоштурган салттуу алты кыргыз боз үйүнүн комплекси болгон "Түрк Обасы" маданий зонасы да тааныштырылды.